Арстан Алайдын «Мен Кудаймын!» деп айтканы боюнча экспертиза жүрүүдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Мен Кудаймын!» деген адам (ред: Арстан Алай) боюнча материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов билдирди.
Директор бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Улукбек Ормоновдун суроосуна жооп берип жатып айтты.
«Кыргызстанда теңирчилер диний уюм катары каттоодон өткөн эмес. Ошондуктан алар диний уюм болуп эсептелбейт. Ал жеке ошол «Мен Кудаймын!» деген киши, анын айткан сөздөрү боюнча материалдар чогултулуп, тиешелүү экспертиза жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча атайын чаралар көрүлөт», — деди Зайырбек Эргешов.
Депутат Ормонов теңирчилер диний уюм катары катталбаса, анда уюмдун өкүлү Арстан Алайдын «Мен Кудаймын!» деп үгүт жүргүзүп жатканына карата чара көрүлүшү керектигин айтты.
Булак: Маралфм.кж

Аргумент.kg