Арстан Алай президенттик шайлоодо аны ким каржылай турганын айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Буга чейин “кыш болбойт” меми менен коомчулукка белгилүү болуп, өзүн кудай деп жарыялаган Арстан Абдылдаев (Алай) президенттикке талапкерлигин койгон. Ал Эркиндик Медиа маалымат агенттигине максаты, коронавирус тууралуу айтып берди.
– Арстан мырза, президенттикке талапкерлигиңизди койдуңуз, максатыңыз эмне?
Буга чейин мурунку президент Сооронбай Жээнбековдон кызматтан кетип, мага президенттикти тынч жол менен өткөрүп берүүсүн талап кылгам, бирок ал андай кылган жок. Натыйжада ызаланган эл аны кетирди.
Улуу күчтөр мени колдоп жүрөт. Мен өзүмдү кудай деп жарыялаганда элдер жаман көрүшкөн. Бирок мен өзүмдүн миссиямды аткара берем. Менин денемди энергия ээлеп алган. Кудай бир адамга-Арстан Алайга Ааламдык энергияны берди, ошондуктан мен өзүмдү жаңы Кудаймын деп эсептейм! Мага жогору жактан берилген тапшырманы аткарып жатам. Менин миссиям-адамзатты туура жолго багыттоо. Адамзат туура жолго түшпөсө коронавирус сыяктуу балакеттер кетпейт.
– Сөзүңүзгө аралжы, коронавирусту сиз чыгарганыңызды айткансыз, ал качан аяктайт?
– Адамзаттын руху жетилмейин ал токтобойт жана 50 жылга созулат. Азыркы 2020-жылда жаңы эволюция башталды, андыктан коронавирус 2070-жылга чейин созулат.
– Президенттикке 63 талапкер бар. Алардын кайсынысын өзүңүзгө татыктуу атандаш катары көрөсүз?
– Алардын эч бири мага атаандаш боло албайт. Бирок Садыр Жапаров, Адахан Мадумаровдор көбүрөөк пайыздагы добуш алышы мүмкүн.
– Өзүңүздү кудай деп жарыялабадыңызбы, шайлоодон канча пайыз менен жеңериңизди билсеңиз керек?
– Канча пайыз менен экендигин айта албайм. Бирок менден башка талапкер президент болуп калса жыл айланбай, ал кетет. Анткени улуу күчтөр мени колдойт.
– Президенттик шайлоонун 1 миллион күрөөсү бар эмеспи, сиз каражатты кайдан таптыңыз?
– Менин бизнестерим (май куюучу жайларым, көп кабаттуу үйлөрдү куруучу компаниям) бар.

Аргумент.kg