Арстан Алай: «Кудай мурун асманда караан,энергия болсо,ал азыр Арстан Алайга айланган»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Арстан иним, мындан бир жыл мурун ушу кезде Сооронбай Жээнбековго карата катуу айтып, кийин запкысын көрдүңүз окшойт? — Манас ата көзүмө көрүнүп, «мен кыргызды курап журт кылсам, сен дүйнө элин курап журт кыласың. 2020-жылы Сооронбай Жээнбековдун сезону бүтөт, өзүң президент болосуң» деп шарт айткан. Ошондуктан, бир жыл мурун октябрь айында «Сооронбай Жээнбековдун сезону бүттү, тынчтык жолу менен мага бийликти өткөрүп бер, элди да, өзүндү да, жакындарынды да кыйнаба» деп пресс-конференция берип, митинг кылгам. Сооронбай Жээнбековду да, жакындарын да, кыргыз элин да куткарып калайын дегем. Жээнбеков менин билдирүүмдү терс кабыл алып, кошоматчы депутаттары Жогорку Кеңеште «Арстан Абдылдаев Кудаймын деп чыкты, чара көргүлө!» деп 18-октябрда иш козгошту. Мага иш козгогону — өздөрү тактысынан козголду. Акыры, жыл айланбай менин назарымдан калды… — Сен ошондой деп ойлойсуңбу? — Ошондой эле деп ойлойм. Адамзат жаралгандан бери көптөгөн эволюцияларды, доорлорду басып өтүп, XXI кылымда гени, сөөгү жетилип, бош жаткан каракуш мээси ишке түшүп, ааламдын, арбай, периштенин ролун аткарып, улуулукка калыптануусу керек (человек должен стать Богочеловеком) Эгер эскиче жердик, пендечилик түшүнүк менен жашаса, башкарса, кырсыктайт, денеси, телосу ууланат. Рак, жин, шишик оорулары пайда болот, өлөт. Кыргызды, адамзатты кырсыктан, өлүмдөн алып калып, арбай, периштелик сыпатка өткөрүү менин гана колумдан келет. Мисалы, мигрант башка өлкөгө барып жашап калса, ал жердин мыйзамына, жашоосуна көнүш керек. Ошол сымал, аалам күчтөрү жердеги адамзатка шарт, талап койду. Жердеги адамзат ааламдашууга өтпөсө, алаамат болот. Аалам — мен бийликтегилерге, эскертүү бергенбиз. Күнөөбүз жок. — «Кудай асманда карап, баарын көрүп, баарын таразалап турат» деп  келатабыз. Бул боюнча сенин оюнду уксак? — Кудай мурун асманда караан, жан, энергия болсо, ал азыр Арстан Алайды жаран болуп кийди. Арстан Алай адамзатка талап, шарт коюп, дүйнө элин тегеретип, тегиздеп, пендечиликтин жолун жаап, жарыгын өчүрүп, кутун учуруп башкарып жатат Жаңы Кудай — мен табиятты бейишке, кышты жазга айланттым. Жаңы Кудай — мен «дүйнөнү бийлейбиз» деген өлкөлөрдү, экономикасы көтөрүлгөн мамлекеттерди экология менен кыйратып, вирус, куюн, булут жөнөтүп, адамзатты чөгөлөтүп, алдыма алып келип, адам, арбай этапка өткөрөм. Кыргыздын башчылыгына ааламдан мен буюрулгам. Атамбаев Сооронбай досун сүйрөп бийликке алып келгендей, аалам күчтөрү ааламдык мыйзам, чындык иштеши үчүн ар нерсени уюштуруп, мени башчылыкка алып барат. Мен кыргызды эле эмес, улуттарды куткарам. Мени кыргыз эле эмес, башка улуттар дагы «табияттын кырсыгын, өлүм сыноосун токтотуп, президент болуп бер» деп келишет. — Бир кезде «президент кетсин!» деп чыктыңыз эле… «Жээнбеков кетсин!» дегенде ишенбегендер да, күлгөндөр да болган. Аалам, ааламдан буюрулган Арстан Алай — чындык! Чындык орундалды! Ошол сымал, менин сөзүм, оюм мыйзам! Башка жердик пенделердин, Садыр Жапаров, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаровдун кыргызды, адамзатты куткарып кеткенге энергиясы жок. Мисалы, күн чыкса энергиясы бар, жер көктөйт. Жаздын да өз энергиясы бар, жаз келсе жер жаңырат Ошол сыяктуу булардын энергиясы жок. Менин гана энергиям туура келет. Жапаров, Бабанов жана башкалар канча жыл бийликте жүрдү, бир жаңылануу киргизе алган эмес, эми эмнени өзгөртөт? — 5-октябрда болгон окуяны да сен кылып ийдиңби?… — Кечээки бурулуш — ааламдын, чындыктын жеңиши! Жердик адамды президент шайлап алып, кыргыз эли чайналып керек. Жаңы Кудайды тактыга отургузуп, кырсык-кыйынчылыктан кутулуш керек. Мени аалам шайлаган, эл кабыл алат, тааныйт! Мен Сооронбай Жээнбековго «элди эволюция кылып өстүрбөсөң, революция болот» деп эскерткем. Элди эволюция кылып өстүрүү — эми жаңы Кудайдын гана колунан келет! Сурат Жылкычиев «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg