Араванда 63 жаштагы киши зордуктаган 15 жашар кыз көз жарды
12-кулжа, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваОш облустук милициясы Араван районунда зордукталган 15 жаштагы өспүрүм кыз 15-майда көз жарганын билдирди.
Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган.
Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон. Өспүрүмдүн зордукталып, кош бойлуу болгону аны апасы үч айдан кийин ооруканага алып барган учурда билинген.
Аталган факты боюнча өткөн жылдын аягында, 3-декабрда сотко чейинки өндүрүш ачылып экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалып, сот бөгөт чарасы катары 22-июнга чейин камакта калтырган.
Аталган кылмыш Жазык кодексинин 162- беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» менен катталып, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилген.