Араван районунун айыл-өкмөтү кармалды

Араван районунун айыл-өкмөтү кармалды

23-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

ГКНБ КР тарабынан Араван районунун мамлекеттик мекемелериндеги жооптуу жана жогорку кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-кылмышы боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, жер участогун «Сугат айдоо жерлери» категориясынан «Жеке турак жай куруу» категориясына которуу жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган, ал үчүн өз кезегинде «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында , жеке менчикке алынган жер тилкелеринин баасы 7,7 млн сомду түзгөн.

Учурда тергөө иштери уланууда.