“Апрель” каналында эски бийликтин эски “пластинкасы”…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кандай жомок болсо да «илгери илгери» деген сөздөн башталчу эле. Азыр болсо, «жомоктун» баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке менчик “апрель” телеканалынан башталып калды. Жалаң жалган жалаа менен ушактан башы чыкпаган бул каналга ээч ойлонбой туруп эле “жылдын башкы жомокчусу” наамын ыйгарсак да жарашчудай..
Кечээ булар дагы бир жыландын башын кылтыйтып «Бакиевчилер кайрадан бийликке келе баштады» деп «жер тепкилеп» жиберишти. Көптүк санда айткандан кийин «ар биринин фамилиясын «шурудай тизип» берет окшойт» деп элдин баары «кулак түрүп калган».
Көрсө, «Апрель» каналы «Бакиевчи» деген эски пластинкасын кайрадан коюп Таласка барып токмок жеп келген Молдомуса Конгантиевди айтып жаткан экен.
Бул жагы «жел чыгарган кыз, жел чыгарбаган кыздын бетин апчыйт» дегендей эле кеп болду. Анткени 2011-жылы «Конгантиев алчу жазасын алды» деп аны кылмыш жоопкерчилигинен Алмазбек Атамбаев бошотподу беле? Эми түштөн кийин «кар жаады из басылды» таризинде баарын азыркы бийликке шылтап кутулгусу келген АША менен анын командасында «бет» деген барбы өзү? Кыскасын айтканда апыртуу жагынан эч кимди алдына салбаган «Апрель» телеканалы да, ага «дирижёрлук кылган» башкы «увазир» Фарид Ниязов да аман эле болсун…
Айтмакчы, биз сөз кылып жаткан «апрель» телеканалы Бишкектин четиндеги жаңы конуштардагы көйгөйлөрдү байма-бай көргөзүп, бийликке «кашынганды» адатка айлантып алды. Суу жок, жолдор баткак, окуучулар мектепке барууда азап чегип атат деп какшаган «апрелчилер» өз кожоюну Алмазбек Атамбаевге собол салып: «Ушул маселелерди президент болуп турганда эмнеге чече албадыңыз?» деп сурап койсо калыстык болот беле?!
Автор: Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg