Дүйнөлүк аренада алдына киши салбаган Apple компаниясы Россияга өндүргөн телефондорун сатуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта, Россиянын Украинадагы аскерий аракеттерине жооп иретинде ал өлкөдө өздөрү өндүрүп келген продукциясын сатууну токтотконун расмий жарыялаган. «Биз гуманитардык иш-аракеттерди колдойбуз, качкындар кризисине жардам беребиз жана Украинадагы командаларыбызды колдоо үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.