Апамдын ыйлап отурганын көрүп эжеме болгон жек көрүүм күчөп баратат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Aпам экөөбүз азык-түлүк алганы супер маркетке барганбыз. Көнгөн адат боюнча базарга эле түшсөк болмок экен. Конфет тандап жүрүп жездеме жолугуп калдык. Бизди карan, учурашпай басып кетти. Мен го мейли, апама боорум ооруду. Байкушум эмне кылаарын билбей, «кел муну aла берели» деп алдактап калды. Үч бир тууганбыз уулусу эжем, мен ортончусу, кичүүсу иним. Апам бизди жалгыз өстүрдү. Эч качан катуу сүйлөп урушкан эмес. Контрагыбыздын акчасын төлөш үчүн түнү менен иштеди. Апам өзүнө эч нерсе сатып алчу эмес, биздин эски кийимдерди кийип алат эле. Жездемдин ата-энеси бай. Бизди теңине албайт. Эжем үйгө келгенде чогуу кирбей, сыртта машинасында күтүп отура берет. Эжем дагы ага турмушка чыккандан кийин өзгөрө баштады. Мурдагыдай үйгө бат-баттан келбейт. Социалдык тармактарынан чогуу тушкөн сүрөттерүбүздү өчүрүп салды. Апам чалса жооп бербейт. Жездем болсо көз керүндү эле турбканы басып коет. Карыган апам кабатыр болуп, чалганын токтотпойт. Деги койчу, небересин көрсөтүшпөйт. Апамдын ыйлап отурганын көрүп эжеме болгон жек көрүүм күчөп барат. Эжемден бул нерсени күткөн эмесмин! Апам бизди кантип чоңойтконун унутуп койгон сыяктуу.

Аргумент.kg