Апамды кантип кечирем?

Апамды кантип кечирем?

17-чын куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

Апам мени чоң энем менен атама таштап кеткенинде эки жашта экенмин (чоң энемдин айтуусу боюнча). Мени чоң энем чоңойтуп, апа ордуна апа болду. Азыр турмушка чыгып, балалуу болгом. Жакында апам келиптир, катташалы деп. Апам мени таштап кеткенин эс тартканда түшүнүп, аябай кыйналып бирок ичимдегини эч кимге айтчу эмесмин. Мектепте сабактарда апа жөнүндө сөз болуп калса, ичимден ыйлачумун. Ошентип апа мээриминен куру калып чоңойгон жанымды апам эми мен чоңойгондо пайда болуп, кайра жараатымды козгоду. Апамды кантип кечирип, кантип катташам? Кеңеш бериңиздерчи.