Апама бул сөздү айтып алып аябай өкүндүм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн бир кызыктай күн болду. Бирок эмне үчүн экенин билбейм. Мындай карасаң жумушумда баары жакшы, эч ким менен урушкан жокмун, машинам бузулбады, курсагым ток.  Жок, бир бир нерсе жетишпей жатат.

Кечинде достор менен кафеге бардык. Менден башкасынын баары күлүп-жайнап отурушту. А мен ичимен тынчсызданып, эмне жетишпей жатканын таппай жаттым. Кече ортолоп калганда, “кой бара берейинчи” деп коштошпой чыгып кеттим. Үйгө келип чечинбей диванга куладым. Ошол бойдон уктап калыпмын.

Эртең менен турсам кечеги тынчсыздануу кайдадыр жоголуп кетиптир. “Ураа!” деп сүйүнгүчө, анын ордун жалгыздык ээлей калды. Жалгыздык тынчсыздануудан дагы жаман экен. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезе баштадым. Ох, үшүп кеттим. Эки кабат жемпир кийсем дагы жылыбадым. Ооруп калдымбы десем температурам нормада. Эмне эле болуп жатам?

Жашоомдун кызыгы, жеген тамагымдын даамы жоголду.

Интернетке үч күндөн бери кире элекмин. Жумушка да барбай жатып алдым. Тамакка табитим жок. Кечээ досторум келип кетти. Эч кимиси көңүлүмдү көтөрө албады. Өзүмдү кагыраган чөлдө жалгыз калган балапандай эле сезип жаттым. Балапан, балапан… Токтосоңор. Балапандын апасы кана? Апа!

Апам үч күндөн бери чала элек. Ага эмне болду? Телефонумду издеп таппайм десеңер. Кол шилтеп туруп айылга жөнөдүм. Сырттагы түн мени токтото алган жок.

— Ой, уулум! Сен кайдан? Баары тынчылыкпы?

— Апаа!

Кучактап алып ыйлап кирдим. Бетинен, колунан өөп, чачын жыттадым. Үйгө жеткиче оюма эмне гана келген жок дейсиңер. Ойлорум чындыкка айлып кетпесе экен деп аябай корктум.

Апам отко чай коюп, тамак ысытып берди. Аябай ачка болупмун, чайнабай эле жута баштадым. Курсагым тойгондон кийин көңүлүм ачылып, бетиме кан жүгүрүп калды. Жашоомдун маңызы кайтып келди.

— Балапаным, сага эмне болду айланайын, жүрөгүмдү түшүрүп түндө келдиң.

— Апа, эмнеге мага үч күндөн бери чалган жоксуз.

— Садагаң болоюн, өзүң баягы күнү улам-улам чала бересизби деп бурк эткениңен чалган жокмун.

— Апа, акмак уулуңду кечирип койчу.

— Келегой, дагы тамак ичесиңби?

— Ооба, ичем, толтура эле куя бериңиз.

Мурдумду тартып, чыканагыма жашымды сүрттүм.

Бул окуя мага чоң сабак болду. Анткени ар бир күнүм апамдын “звоногу”  менен көрктүү экенин билдим. Азыр өзүм күн сайын чалып, эмне гана болбосун апамдын сүт чайын ичкени дем алыш күндөрү айылга барып турам.

http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg