Апам төрөбөй эле мен төрөгөндөй болуп жатам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы .Мен 20 жаштамын, 19 жашымда апам мага чалып мени ала качып кетти мен бир айдан кийин барам шаарга деп мени таң калтырды. Келгенден кийин апам күйөөсү  биздин үйдө 3 ай жашады күйөөсү иштебейт, арак ичип жинге тийе берчи. Анан мен апама кашана берчүмүн бомж го тийип алып кыйын болбочу деп. Ошентип Ысык-Көлгө кетип калгам таарынып 2 айдан кийин кичүү иним чалып апамдын боюнда бар деп айтты. Анан мен аборт кыл деп айтсам жалгыз бала экен деп койду. Ошентип күйөөсү өзүнүн айылына кетип. Апамдын  боюнда болгондо келген жок. 9 ай катышып сүйлөшүп жүргөн. Мен унчуккан жокмун эми апам деп жүргөм, бирок  бир аз уруш болчу бетке айтчумун «сени бирөө тий дептирби»- деп айта берчүмүн. Ошентип төрөтканага күйөөсү келген жок. Анан   ал баласын күйөөсүнө эмес мага төрөп берди . Эми күнү түнү карайм өзүм. Өзү иштейт күйөөсүнө баары бир асманга учуп кетти десем болот. Ошентип мен бала карап күнүм эле өтөт. Үйүбүз жок квартирант болобуз. Күйөөгө тийип кетейин десем жигитим кудай буюрса деп коет… Үйүбүз таза, тамак, баары бар үйдө жакшы.. Апам жумуштан келип эмне үй чачык  жакшыраак тамак жасап койбойт белең деп кашана берет  Чыдайм ал сөздөрүнө. Негизи апамдын жанында тура албайт экенмин.Эмне кылсам кеңеш бериңизчи

Аргумент.kg