Апам каза болуп, атам ичип кетти. Беш бир тууганымды бага албай кыйналып отурам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин атым Айжамал. Турмуштамын, кайнене-кайната менен турам. Өзүмдүн апам каза болуп калган. Апамдан айрылганыбызга үч жылдан өтүп баратат. Үйдө мен улуусумун, менден кийин беш бир тууганым бар. Төрт бир тууганым мектеп жашында, бирөө эми окуйт. Атам бар, шүгүр, бирок ичкиликке берилип, аракеч болуп баратат. Апамдан кийин эки жолу үйлөндү, бирок алар да чыдабай 1-2 ай жашагандан кийин кете беришти. Мени ойлондурган бир туугандарым. Ачка отурушат, колуман эч нерсе келбей атат чынында. Ушуга чейин үйдөн жакшы эле ташындым, акыры кайнежемден катуу сөз уктум. Ата-энемдин үйүндө бир күнү ун болсо, бир күнү чай жок, кээде нан болсо, көпчүлүк учурда май жок дегендей. Ойлоно берип кыйналып кеттим. Апам болсо мындай жашоо болбойт эле. Атам жакшы адам, бирок көчөдөгү адамдарга кошулуп ичип жүрөт, “кой” дегенге көнбөйт. Пособие алышат, бирок ал кредитке кетет. Атам жакшы ой менен кредит алып, анысы ишке ашпай калган. Менден кийинки сиңдим 10-класста, түйшүктүн баары ошонун мойнунда. Ал күндө жүрөктү оорутуп чалат… Ушундай азап менен жашоом улана береби? Кандай кадамга барсам болот?

Аргумент.kg