Апам эки баласы бар келинге үйлөнөрүн айткан байкеме мындай деди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн той. Бул тойго канча даярдандык. Боорсок кескенди көрөйүн деген көзүм жок. Базарлагандын «Б» тамгасын уккум келбейт. Жөн гана уйкум келип жатат. Тоого кетип калып уктап келсемби. Биз төрт бир тууганбыз. Байкем, мен, анан эки сиңдим. Байкемди качан үйлөнөт дешип ата-энемдин көзү төрт. Байкем болсо шашпайт. Атам акыры жеңилип берди. Апам эле шаштырып жатты. Баарыбыз сериал көрүп отурганбыз. Байкем шашып бир жакка жөнөп баратты. Көздөрү башкача жымыңдайт. Ал чыгып кеткенден кийин, атам апама карап «тойго даярдан байбиче» деди. Баарыбыз шок болуп калдык. Апам экөөбүз данек чагып жеп отурганбыз. Байкем келип, апамды өөп ага сөзү бар экенин айтты. Мен унчукпай туруп кеттим. Бирок, акырын эшиктин аркасында турдум. Кызык болду, андай кылбаш керек экенин билем. Урушпагыла. — Апа, мен үйлөнөм. Келин балаңыздын эки баласы бар. Мен аны сүйөм. Досторум колдобой жатышат. Атам дагы капа болуп калды. Апа, мен аны сүйөм. Канча аракет кылсам дагы, ал качып өзүнө жолотпосо дагы унута албадым. Кыйналып кеттим апа (ыйлап жиберди). Апам бир топко унчукпай данек чагып отурду. анан колуна чогулткандарын байкеме берди. — Сезимдерди башкарып болбойт балам. Ким сезимдерди башкыргысы келсе, эң акылсыз адам. Чыныгы сезимдер башкарууга багынбайт. Келин алгым келгени чын. Жалгыз уулум үйлөнсө деп тилегеним чын. Кудайдан келиним мыкты болсун деп сурангам. Балам сүйүп калса, демек мыкты инсан. Өзүң сүйүп үйлөнүп жатасың. Толтура сөздөр айтылат, бузукулар чыгат. Эгер ошолорду көтөрө алсаң мен сага батамды берем. Эки баланы өгөй катары көрүп, тиги келиндин тагдырын экинчи ирет бузуп, жоопкерчилик алалбай турган болсоң түйүнчөгүңдү түйүп берем. Байкеме кошулуп мен ыйлап жаттым. Атам башында эки баланы кабыл албай таарынып жүрдү. Бирөөсү беште, экинчиси үчтө экен. Бизге жакты, бойтойгон балдар. Эрмегибиз болуп калды. Болгону атам аларга суз мамиле кылат. Бала баарын сезип жатты. Бир жолу экөө короодо ойноп отурушуптур. Мен ашканада отургам. Атам газетин көтөрүп кирип келди. Улуусу кичинесин жетелеп, «бас, чоң атам жаман көрөт» деп жетелеп жөнөдү. Атам аны угуп бозоро түштү. «Бери келчи» деп жандарына чакырды. — Эмне дедиң? — Ч — Чоң ата бизди жаман көрөт дедим. — Чоң атаңардын акылы жок балам, жаман көрбөйт, жакшы көрөт. Келегой, менин балдарым. Чоң атаңар жакшs көрөт силерди. Дагы чоң ата деп койчу. Жүргүлө балмуздак жеп келели. Жүрөгой. Кичнеси так секирип сүйүндү. Улуусу ишенбей карады. Атам экөөнү жетелеп кайра көчөгө чыгып кетти. Мен аларды карап ыйладым. Жеңем менен байкеме чуркап жөнөдүм. Алар дагы сүйүнүп калсын. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg