Апам «аялыңды же мени танда» дейт. Кимиси?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Соцтармактагы «Кызыктуу» тайпасы атын жашырган жигиттин катын жарыялады. «Азыр аябай жаман абалдамын. Эмне кыларымды билбей жатам. Аялым апам менен эч батышпай жатышат үйдө. Апам аялыма жаман мамиле кылат. Тамак жасаса дагы жакпайт, үйдү жыйнаса дагы тийише берет. Анан бир күнү жумуштан үйгө кечирээк келсем, аялым апама кол көтөрүптүр. Бирок аялымды дагы түшүнөм, күндө бир нерсе кылса, анысы апама жакпаса, ошондой жарылып кетет да. Апам болсо «аялың менен ажыраш, же мени тандайсың, же аны» деп туруп алды. Эмне кыларымды билбей жатам. Күнөө экөөндө тең бар, бирок аялымды катуу сүйөм, ал жок жашай албайм. Квартирага чыгып кетсекпи деп ойлонуп атам. Кеңеш бериңиздерчи?»

Аргумент.kg