Апам «ал үй-бүлөңдү» бузган деп сүйлөшкөн кызымды алып бербей жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы! Мен аялым менен ажырашып кеткем, себебин айтпай эле коеюн. Мага бир аял жагат. Аны менен биринчи аялым менен жашап жатканда сүйлөшөт элем. Биринчи күйөөсүнөн бир кызы бар. Эми ошо аялды алайын десем, апам алып бербейм деп жатат. «Ал сенин үй- бүлөңдү бузду, сенин аялың бар экенин билип туруп, сени менен жүрдү. Кийин ошол эле ишин сени менен жашап жатканда да кылат», деп макул болбой жатат. Чынында андай эмес. Мен ал кезде эле биринчи аялым менен ажырашам деп жүргөн элем. Мен аны сүйөм, башка бирөөгө тийип кетишине чыдай албайм.

Аргумент.kg