Анжелика Толик менен мамилесин эмнеге жашырган?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ар бир кыймыл аракетин, жашоосун коомчулукка чагылдырып,элден канчалык сын укса да ишин ийгиликтүү жүргүзгөн ырчы айым Анжелика Кайратова жаңы клип тарттырды.
Буга чейин ырчы Анжелика аны сыртынан жактырып жүргөн күйөрман жигит көчөдө сүрөткө түшүп алууну суранып, ырчы айымды сүйүп, ырларын тынымсыз угуп жүргөнүн Инстаграмына маалымдаган эле. Ал жигит бөлүшкөн сторизден кийин Анжелика ага катталып, жооп жазганын айтканы бар.

Анжеликага ашык болуп, ага сүйүүсүн арнаган ошол Толик Биримкулов аттуу блогер жигит менен Анжелика Кайратовна “Я тебя люблю” аталышындагы дуэт жаздырып, клипке баш каарман катары өздөрү тартылышты.

Эскерте кетсек, ырчы Анжелика өткөн жылы анын колун сураган казак улутундагы мырзага макул деп жооп бергени бар. Эми ырчы айымдын күйөрманы менен чогуу клипке тартылганы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Аргумент.kg