Анжелика: “Сүйүктүүм “сен бир кылымда бир жаралчу айымсың” деп өзүнө тартып алган”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

5-декабрда ырчы Анжеликанын “Бактылуу айым” реалити долбоорунун 5 жылдык мааракесине арналган концерттик программа борбор шаарыбыздагы ресторандардын биринде болуп өттү. 126 мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аталган долбоордун катышуучуларына, жалпы 200 кишиге кечки тамактануу  уюшулду. Иш-чарада сүйүктүүсү жөнүндө  кыскача айтып берди.

“Мен иштеген сайын, улам атым чыгып турган сайын эл алдында бир гана мен  боло берет экенмин. Мен муну менен популярдуу болууну көздөбөйм. Балким, Кыргызстандагы эң атактуу инсанмын. Авто унаанын ичинен кыз көрүнүп калса, көчөдө кыз басып бара жатса деле ал – Анжелика экен. Бул эң сонун. Балким, бардыгы окшош болушуп Анжеликанын образында жүргөндүр. Бул – хайп, мен элдин көңүл чордонундамын, көңүл  бурдурамын.

 

Жеке жашоо боюнча айтсам мен ал нерсени эч качан  ачыкка алып чыкпайм. Мен бир гана өзүмдүн  ишкерлигимди, жумушумду  биринчи орунга коюп,  жарнамалоону туура көрдүм.

Ал эми, сүйүктүүм берешендиги, адамгерчиликтүүлүгү, ишеничи менен багындырды. “Сен бир кылымда бир жаралчу  айымсың деген сөзү менен” өзүнө тартып алган,”-дейт Анжелика Кайратовна.

Аргумент.kg