Анжелика: “Сүйгөнү, ата-энеси, балдары бар туруп өзүн бактысыз сезгендер аз эмес”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз эстрада ырчысы Анжелика Инстаграм баракчасына калтырган “адамды Жараткандан жана өзүнөн башка эч ким бактылуу кыла албайт” деген билдирүүсү талкуу жаратты:
“Ар бирибизди Жаратканыбыз өзгөчө жараткан экен. Эч качан бир секундда адамдын ички сезими, ою башканыкына окшошпойт. Элестетиңиз, анын жашоого болгон көз карашы, каалоосу жана багыты кандай?
Биз бакытты күтөт экенбиз… Каалоо айтканда дагы “Бакытлуу бол, бактыңды тап!”,- деп. Бул эң чоң жаңылыш!
Бизди албетте Жаратканыбыздан жана өзүбүздөн башка эч ким бактылуу кыла албайт. Сүйгөнүң, ата-энең, балдарың. Бардыгы бар туруп өзүн бактысыз сезгендер аз эмес. Болгону ички дүйнөбүздөгү болуп жаткан нерсени өзүбүзгө жаккандай кылсак, бактылуулук сезими ойгонуп, жашайт түбөлүк!
Жеңил болгула! Кубангыла! Жашагыла!”,- дейт ал.

Ырчы айымдын бул билдирүүсү эки тараптуу ойду жаратты бири, “Эң туура! Бактылуу болуш өз колубузда!” десе, башкасы “Өзүңдү ушунчалык акылдуу сезип коюсуң го. “Жакшы тилек жарым ырыс” периштелер ар бир каалоо-тилекке да оомийин кылып коюусун унутпа”,- деген билдирүүсүн калтырган-деп БарсМедиа билдирди.

Аргумент.kg