Анжелика: “Абалым начарлап, башым айланып, кулап калдым”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Ырчы Анжелика Кайратовна абалы начарлап, башы айланып, кулап калганын айтты. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жарыялады:

“Дарыгерлердин “төшөктөн турбай, жатып дарылан” деген сөзүн укпай иштеп жүрө берип, тепкичтен кулап кеттим. Эми сөзсүз жатып дарыланам. Башыман катуу сокку алып калдым окшойт. Ооруканага өпкөмдү тарттырганы барсам, узун кезек күткөн элдер. Эч ким эреже сактабай, беткап тагынбай эле жүрүшөт. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, медайымды үйгө чакырып алып, асма укол алган туура болот окшойт. Ансыз да ооруканада орундар, дарыгерлер жетишпей жатат” дейт ырчы.

Аргумент.kg