Анжелика: «100 миң сомдук туфли кийген курбум, кыйынчылкта карызын бербей качып жүрөт»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу ырчы Анжелика жеке инстаграм баракчасынан билдирди:

«Достун түрлөрү.

Бул аудиодо айтылган достордун баары болуптур жашоомдо.

Сториске жазган курбум тууралуу кеп болсун. Анын ким экенин билбей эле коюңуздар. Болжолдоп жазуунун кереги жок.

Акча сапырып жашап көнгөн айым жашоонун сыноосуна кабылып, жардамга каражат сурап, уяты менен бир аздан болсо да кайтарбай, билгениңди кыл дегенсип жашап келе жатат.
Эң жаманы башка курбуларыма мени сыйбаган сөздөр менен ушактап, аркаман бычак сайып, ич күйдүлүгүн 20жыл достугубузда экинчи жолу көрсөттү. Ак көңүлдүгүм, боорукерлигим үчүн ушуну көрүп отурам. Ким экенин жакындарым баары билет. Өзү баракчасын дароо култап алыптыр. Сүрөттөрүңдү чыгарбайм (архив экөөбүздө тең толтура) , мен сени Аллах үчүн кечирдим! Бир унаа келчү акчамды такыр бербесен, кайрымдуулука Аллах ыраазычылыгы үчүн берип кой. Бир тапичкен 100,000сом турат ансыз деле. Алкымыңды кичирейтсен, эки жылда мага деле берип кутулмаксын. Жакшы , үйүмдүн документин кредитке деп сурап келгениңде бере албай калгам, өзүмдүн үч кредитим болгон үчүн. Эми минтип үч кызым менен жатып калганда сен алган акчаңдын 10% бере албайм дейсиң. Күйөөн бар, кайын журт , ата-энең —
мен жалгыз бой энени түшүнсө сага жардамдашат деген үмүттөмүн. Таза болбосо, Аллах мага башка жагынан берет деп ишенем. Балдарың менен аман бол.
P.S. Курбум менен жакшы көргөн адамымдын бири-бирине эч кандай тиешеси жок. Таарынычымдын себептери экөөнө эки башка деп айткам»-деп жазды ал

Аргумент.kg