Анвар Сартаев: «Талапкер Бактыбек Сыдыков шайлоочуларды сатып алды»
30-жетинин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваШайлоо учурунда мыйзам бузуулар катталганын, ага чара көрүлбөгөнүнөн улам Акыйкатчы институтунун алдына Анвар Сартаев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга билдирди .
«Шайлоочуларды сатып алуу КР ЖК депутаттыгына талапкер Бактыбек Сыдыков тарабынан жасалган. 23-ноябрда жергиликтүү тургундар менен БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылдык. Бирок кылмыштын курамы жок деп 26-ноябрда тергөө токтотулган. Мен Акыйкатчы институтунан, БШКнын жетекчилигинен жана Ички иштер министрлигинен Ноокен районуна кырдаалды ачык-айкын жана ар тараптуу иликтөө үчүн өз өкүлдөрүн жөнөтүүнү суранам», — деди Сартаев.
Сартаевдин айтымында, бийликке кайрылуу аракети түгөнгөндөн кийин, ал экстремалдык кадамга барып, ачкачылык жарыялоону чечкен.