Анастасия Заворотнюк комадан чыкты, бирок …

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Моя прекрасная няня» аттуу телесериалдан таанымал болгон Россиянын белгилүү актрисасы Анастасия Заворотнюк рак илдетинин акыркы стадиясында болгондуктан жакында эле комага түшүп калган.

Ал Москвадагы белгилүү ооруканалардын биринде жандандыруучу бөлүмдө жаткан. Кечээ ал өзүнө келип, өз алдынча дем алып, жакындарын да тааныганын Telegram-канал Baza жазып чыкты. Дарыгерлердин айтымында актрисанын абалы оор боюнча калууда.

Актрисанын оор абалда жатканын уккан жергиликтүү ММК өкүлдөрү ооруканага барып, Анастасияны видеого тартып алууга аракет жасаган. Бирок ден соолугуна байланыштуу дарыгерлер журналисттерди киргизген эмес. Буга да болбогон журналисттерден тажаган дарыгерлер аргасыз ага күзөт коюуга мажбур болушууда. Актрисанын палатасында жана оорукананын кире беришинде атайын күзөт кайтарып турат.

Эскерте кетсек, 48 жаштагы Анастасия Заворотнюк былтыр кыздуу болгондон кийин анын баш мээсинде шишик бар экени аныкталган. Адегенде бул ооруну жеңем деген кыязда актриса активдүү жашоо образын тандап, тасмаларга тартылып, достору менен дайыма байланышта болгон. Бирок, жазында Польшага баратканда Анастасиянын ден-соолугу кескин начарлап, дароо аны Москвага алып келип ооруканага жаткырышкан. Ошондон бери Анастасиянын ден соолугу улам начарлап келет.

Булак:»Заман.кж»

Аргумент.kg