Анарбек Усупбаев: “Жогорку Кеңеш көкмээлердин органына айланды”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Анарбек ага, кечээ жакында кээ бир депутаттар “ыйман сабагын мектепке киргизели” деген сунуштарын айтып бүткүчө, соцтармактарда аны “диний багытка буралы” дегендер да чыкты. Муну кандай түшүнсөк болот?

— “Ыйман сабагын мектептерге киргизебиз” дегени – бул акмакчылык. Ыймандуу Араб өлкөлөрүн көрүп атпайбызбы. Айрыкча Афганистан менен Пакистан. Чекесинен кырылып, сандалып ар кай жерде жүрүшөт. Ислам дининин өзүндө, анын бизге келип аткан туура эмес бутактарында жана Курандын өзүндө да көп маселе жатат.

Алсак, адамды өлтүрүүгө чакырган, аялдарды кемсинтүү, арак ичүүнү жана кумар оюнун колдогон сүрөөлөр бар. Эгер чын эле ислам дининин жолуна түшөбүз (!) десе, Куран китептин өзүн реформа кылыш керек. Аны “жөөттөр” жазышканын көпчүлүк билбейт окшойт. Библия, Тора китептери менен айкалышат, бирдей мааниде десем болот. Мен деле мусулман болуп жүрөм, исламга каршы эмесмин. Атам сүннөткө отургузган.

Эми кеп анда эмес. Кеп адам жаралдыбы, Жаратканды таанып, сезип, тынч, “бир күч бар” деп жашаш керек. Биздин ата-бабалар Көкө-Теңирге кайрылган, бу да бекеринен эмес чыгар. Алмустактан келаткан ырымжырымыбызды, каада-салтыбызды, нарк-насилди карманып жашасак болбойбу! Сөзсүз эле башка элдин кылганын кылып, артынан ээрчигенибиз кандай болот?

— Кептин баары эле Жогорку Кеңеште отурган депутаттарда го? Булардын башка кылар иши жокпу?

— Жогорку Кеңеш деген бир балээ, акылы кем, көкмээлердин органы болду. Мен ошол Жогорку Кеңешти жоюп эле салат элем. Булардан пок деле чыкпайт. “Акча жейт”, бакмалар. Буларды “колуңарды көтөргүлө” десе көтөрөт, “жаткыла” десе жатышат. Андайдын кимге кереги бар? Ушуларга корогон айлык акы! Андан көрө ошол акчаны мамлекетти өнүктүрүүгө жумшаса болбойбу?!

Эми караңыз, жаңы Башмыйзамды кабыл алдык. Бийлик бир кишинин, президенттин колуна өттү. Бул туура. Бир адам баарына жооп бериши керек. Эгер Садыр Жапаров акылдуулук кылса, Жогорку Кеңешти жоюп салсын.

Болгону, жанына мекенчил, улутка күйгөн, илим-билимдүү, тажрыйбасы баардык жагынан жетиштүү 4-5 адамды кеңешчи кылып шайлап, ошолор менен бирдиктүү иш алып барсын. Бирөөсү экономика жагын, бирөөсү социалдык маселелерди чаксын, дагы бирөөсү руханий ж.б. Мына ошондо биз алдыга кадам таштап, өнүгүү жолуна түшөт элек. Дагы да кеч эмес. Парламенттик шайлоону жойсун. Бизге “акча жегич”, бекер короткуч парламенттин кереги жок.

— Парламенттик шайлоо болору болжонуп калды да…

— Биз дале бир нерсени түшүнбөй атабыз, акыркы жылдары шайлоолордун тынч өткөнүн эстей албай атам. Ар дайым арты ызычуу. Добуш уурдалды, акчага сатылды, админресурс колдонду. Мына ушу жаман өнөкөт оору биздин мамлекетти каптап кетти. Куландан соо айыгып кетүү болбогон кеп. Түп-тамырынан кыркып салуу да кыйынга турат. Шайлоонун шайтан оюндары элди да бузуп бүттү.

Биздин бир кошуна бар, ар бир шайлоодо үйгө чуркап келет, “тигини шайлап коёлу, буга добуш берели” деп. Такымын жеп бүткөн неме, элди бөлүп-жарып, чаң-тополоң кылып ийет. Анын артынан дагы бирөө келет, “жок ай, ал болбойт, муну шайлайлы” деп. Шайлоо – элибиздин ынтымагын, биримдигин бузуп, бөлүп-жара турган ишчара да…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg