Анарбек Усупбаев: “Азыркыдай көп сандагы мечиттердин Кыргызстанга кереги жок”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Анарбек ага, “сизди ислам динине каршы чыккан адам” деп сыпатташат, эмнеге? 

— Ислам динине эч каршылыгым, кыянатчылыгым жок. Тарбия катарында Куранда жазылган жакшы сөздөр көп. Ошонусуна карабай элдин көбү алдамчылык менен жашап жатпайбы. Арасында динге жамынып алышып, куулук-шумдук кылып аткандарды айтып атам. Элди алдап, туура эмес жашап, көбү дүнүйөкор, уурулукка келип атышат. Бу жерде мечит абдан чоң роль ойнойт. Себеби, а жерде “уурда, тоно, алдамчылык кыл, өлтүр. Бирок, тоногонуңду бөлүш, ортоктош бол. Кудайдан кечирим сура” дейт. Күлөсүң, кечирим сурап алып, кайра эле жаман иштерге бара беришет. Негизгиси ушу болуп атат.

— Жанагы сиз айтып аткан “уурда, тоно, алдамчылык кыл” дегендердин басымдуу бөлүгү ажы сөрөй болуп атышпайбы, бу жагы кантти?

— Куранда “ажылыкка үч чакырык менен барышат. Биринчиси, Ибраимдин чакырыгы. Жөө-жалаңдап же арык төө минип алып келгиле. Экинчиси, Жебрейил периштелердин чакырыгы. Алар аман-эсен мекенине кайтпайт. Үчүнчүсү, шайтандын чакырыгы. Бул жанагы самолет менен баргандар. Калгандары жарабайт” деп жазылып турат. Анткени, жөө-жалаңдап, көрбөгөн азап-тозокту көрөт. Билбегенин билет. Акыл кирет адамга. Жашоонун ачуу-таттуусун ажыратат, ар кандай кырдаалына баам салат. Бир сөз менен айтканда, оңолот. Илгери биздин ата-бабалар ажылыкка аттанганда үй-бүлөсү менен коштошуп, “келемби же келбей каламбы” дешип, ак кепинин ала кетишчү. А азыркылар анткен жок. Шайтандын чакырыгы менен эле самолет же комфортабелдүү автобус менен барып, ажылык макамды алып, кайра эле туура эмес жашоого бет алып аткандар. Кыргызстандын 70-80 пайызы ажы болуп алган. Анын 70-80 пайызы аферист. “Ажымын” дегендерге жеке көз карашым башкача.

— Азан чакыруу боюнча да нааразычылыгыңызды далай ирет билдирип жүрдүңүз эле…

— Ооба, мындан 15 жыл мурун эле айтып чыккам. Өзгөчө жайдын күнү үйдүн ичи үп, терезени ачып коюп жатасың. Саламаттыгы жакшылар мындай нерсеге көз жумду кылып коюшу мүмкүн. Ал эми оорукчан же жаш баласы барлар үчүн өтө эле оор жагдай. Эптеп жаңы көз илингенде, түнкү саат 3-3:30 чамасында азан чакырат, каңкылдап баштаганда ойгоносуң, андан кийин кайра уйкуга кетүү оор маселе. Эмне үчүн илгери азан айтылган? Себеби, саат болгон эмес. Ал эми азырчы? Ар бир үйдө сааттан бешөө, болбоду дегенде соткасы бар. Болжонгон мезгилде эле эч бир азандын каңкылдаганын күтпөй, ар бир момун мусулман намазын окуса болот да. Ошон үчүн азан чакырганды токтотсо дейт элем.

— Кыргызстанда эмне көп, мечит көп. Пайдасы кимге?

— Чынын айтсам, азыркыдай көп сандагы мечиттердин Кыргызстанга кереги жок. Анысы аз келгенсип, баптисттердин, христиан, жөөттөрдүкү, православный чиркөөлөр курулуп атат. Ушунун баары туура эмес деп ойлойм. Биздин элге жерибиз, суу, жаратылышыбыз, андагы тоо-ташыбыздан өткөн ыйык баалуулук барбы? Ата-бабаларыбыз таң эрте күндү тосуп, жакшы ой-максаттарын Жараткандан тиленишкен. Дагы бир кызыгы, “мечитке намаз окуйм” деп келген момун мусулманга бир канча убакыт даават айтып туруп алышат. Динге үндөө максатында. Кээ бири кадимкидей сабак өтөт. Биздин өлкө светтик экенин унутпашыбыз керек. Дин жолунда билимин тереңдете тургандар үчүн атайын медреселер бар. 18 жаштан өткөндөн кийин барса болот. Ал жашка жете электер үчүн болбой турган нерсе. Мечиттин баары уурдалган акчага салынат. Аларга салык төлөтүш керек. Бул нерсе кандай жолго коюлганын билбейт экенмин. Дагы бир жолу айтам, биздин мамлекет светтик өлкө. Биздин бир гана жолубуз – илим, билимге умтулганыбыз оң. Мына ушуну президентибиз, өкмөт башчы жакшы жолго коюшса деген тилегим бар.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg