Анара: “Жолдошум өз баласынын келинчегине асылыптыр”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдошум экөөбүз Политехникалык институтта чогуу окуп, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Аскар окуу жайдагы эң керүнүктүү жигиттердин бири эле. Эмне кийсе келбетине куп жарашып турчу. Бирде орус кызын, бирде уйгур кызын жандап калган Аскарды кыргыз кыздар кадимкидей кызганчубуз. Ошентип жүрүп ал акыркы, мен 4-курста экөөбүзүн мамилебиз жакшы болуп кетти. Ошондогу кыздардын кубур-шыбыр кептери, мени жеп жиберчүдөй караган көз караштарычы! Мен ансайын жигитимдин кучагына ыктап сыймык-туу басам. Сүйүүгө, жаштыкка, кызганычка толгон эки жыл арадан өтүп, экөөбүз баш коштук. Аскардын башка кызга эмес, мага үйлөнүп калышына ыраматылык кайненемдин да салымы кошулду. Анткени ал уулуна “өзүбүз жактын гана кызын аласың” деген талап койгон экен. Ошентип Жалал-Абад шаарынан Өзгөнгө келин болуп, Ош шаарына отурукташып калдык. Аскар жумушка кирди, мен үйдө элемин. Ал кезде жолдошумдун кыз жандуулугунун азабын өмүр бою тартарымды билбей өзүмдү укмуш бактылуу сезчүмүн. Бирок Аскар мен күткөндөн да ашып түштү. Көчөдө кетип баратканда жанында колтуктап бараткан мени унутуп калып эле кыз аттуу алдыбыздан чыкса көздөрү жайнап, моюну кайрылып калганча карап калар эле. Анын бул кылыгын калтыра албаган соң бара-бара мага да көнүмүш адат болуп, өзүм кошо карачу болгом. Карап эле тим болсо кана, анын бул өнөрү ки-йин мен балдар менен үйдө отуруп калганда өркүндөдү. Үйгө кеч келет, кээде такыр эле келбей калат… Бир жолу досунун аялы Аскардын ойношу бар экенин айтып койду. Албетте, тагдырымды ишенип тапшырган адамымдын менин үстүмөн аттап ушундай жолго барып жатканына ардандым. Жумуштан келери менен укканымды айтып, чын-төгүнүн сурасам такыр моюнуна албай койду. Бирок артынан түшүп жүрүп экөөнү кармап алдым. Анысы чогуу иштеген жаш келин экен. Ошондо күйөөмөн биринчи жолу иренжидим. Ызама чы-дабай эки баламды алып төркүнүмө кетип калдым. Көп өтпөй кечирим сурап артымдан барыптыр. «Ит болдум, куш болдум, экинчи ошол келинге жакындасам өлүп кетейин» деп убадасын берди. Мындай окуядан кийин аны менен жашоо жийиркеничтүү болсо дагы, балдарым үчүн кечирдим. Бирок менин “Дон Жуаным” убадасына турган жок. Жашоосунда көп ойношторду алмаштырды. Аны токтотууга алым жетпей калганда табиятынан жеңил ойлуу адам экен деген жыйынтык чыгарып, жайына койгом. Балдарымдын келечегин ойлоп үй-бүлөмдү сактап калуу үчүн баарына көз жуумп жашай бердим. Ошентип мен үй тиричилиги, эки уул, төрт кызымды тарбиялоо менен жаштыгымды өткөрсөм, Аскар ойноп-күлүү менен жаштыгын өткөрдүү. Акыркы он жыл аралыгында жолдошумдун кыздарды көргөндө мурдагыдай көздөрү жайнабай уйгө байыр алып калганын байкап, ичтен сүйүнүп койчу-мун. Кыздарыбызды удаа турмушка узатып, уул үйлөнтүп жашообуз бир нукта эле келе жаткан. Бир күнү эле мурда оору дегенди билбеген 30 жаштагы уулум бир заматта ак кан оорусуна кабылып, бир кыз, бир баласын таштап келбес сапарга кете берди. Жашообуз аңтар-тентер болуп эле жатып калдык. Кийинки учурларда жолдошум “неберелеримден кабар алып келейин, эмне болуп жатышат”- деп баламдын үйүнө бат-бат барууну адат кылып алган. Ал жөнөгөн сайын тапканымды карматып, анын мындай камкордугуна ыраазы болуп коём. Келиним болсо телефон аркылуу сүйлөшкөн сайын эле бир нерсе айта албай ыйлай берчү. Ал ыйлаган сайын: “Байкушум, күйөөсүн сагынып куса болуп жаткан турбайбы, жапжаш туруп жесир калган оңойбу”,- деп аны менен кошо мен ыйлайм. Бирок келиним токтобой ыйлай бергенде күмөн санап, себебин такып сурай баштадым. Ошондо ал үч укта-сам түшүмө кирбеген окуяны айтып, менин оозумду ачырды. Көрсө,  күйөөм: “Сени бир көргөндө эле сүйүп калгам. Апаңды эч качан сүйгөн эмесмин, экөөбүз нике кыйдырып жа-шайлы”,- деп өз келинине асылыптыр. Аскардан баарын күтсө болот эле, бирок ушул нерсени күтпөптүрмүн. Нес болуп эле калдым. Уулумдун каза болгонуна 7 гана ай болгон, анын күйүтүнөн эми баш көтөрүп келатканда бул окуя мени экинчи жолу өлтүргөндөй болду. Ишенесизби, Аскарга келинден укканымды айткан жокмун. Териштиргенге, ызы-чууну көтөргөнгө менин күчүм да, нервим да жетпейт. Ошону менен азырынча бул бук келиним экөөбүздүн гана ичибизде. Курбу-курдаш, туугандарга айтуудан намыстанам. Өз балдарыма дегеле айта албайм. Жолдошумду болсо көрөргө көзүм жок. Ажырашып кетейин дейм, анда балдарыма себебин айтуум керек. Эгерде атасынын жүзүн ачыкка чыгара турган болсом, балам намыстанып өзүнө же атасына кол салып жибериши да мүмкүн. Кыздарыма сөз тийип, алардын да турмушу бузулабы деп корком. Деги эмне кылышымды билбей калдым…
БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg