Америкадагы Аскарбек Шадиев президенттин жакындарын арбай баштадыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандан алып кеткен байлыктары менен Америкадан алгылыктуу бизнес жасап жаткан, коррупцияга шектелген Аскарбек Шадиевдин амалы алты эшекке жүкпү? Учурда ташы өйдө кулап, каражаты күн сайын көбөйүп, марып калганы жашыруун эмес. Бир гана жетишпеген жери – Кыргызстанга келе албаганы, алыста кала бергени. Аскарбек Шадиев кыйла айлакер адам экени белгилүү. Ал соңку убактарда президенттин жакындарына чыгып, жылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бизнес кызыкчылыктар менен арбай баштаганы кандай? Дал ушундай ыргакта кете берсе, анда акталууга үмүт байлаганы, келечекте мекенине кайтып, төрдөн орун алары ажеп эмес.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg