Алымкадыр Бейшеналиев: «Уулумдун коттеджинен өрт чыкты, андан трагедия кылуунун кажети жок»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык пансионат өрттөнуп кеткени тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Көп өтпөй пансионаттагы өрт киши колдуу болуп, бирөөлөр атайы өрт койду деген да божомолдуу маалыматтар чыгып баштаган. Бул тууралуу министр өз жообун коомчулукка билдирди.

Анда ал: “Коттедж уулума таандык. Мурдагы күнү эле айдоочум менен барып келгенбиз. Эртеси күнү өрт чыкты. Эми мындан трагедия кылуунун кажети жок. Өрт чыкты, болду. Мен өрт электр тогунун кыска туташуусунан эле болгон деп жатам», — деп өрттүн келип чыгышына эч ким кунөөлу эмес деп акыркы чекиттүү сөзүн билдирди.

Аргумент.kg