Алымкадыр Бейшеналиев: «Уу коргошундун жардамы менен коронавирусту азайттык»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун тууралуу «Ала-Тоо 24» телеканалына берген маегинде сөз кылды.
.
«Уу коргошун (аконит) бир кылымдан ашык убакыттан бери бар. Көптөгөн өлкөлөр анын курамын, бир катар ооруларга натыйжалуулугун изилдеп келишкен. Мисалы Орусияда аконит мурунтан эле колдонулса, Францияда, Италияда, Кытайда аконит башка препараттарга кошулуп эки жүз жылдан ашык убакыттан бери колдонулуп келет. Биздин ата-бабаларыбыз аконит менен көптөгөн рак ооруларын дарылашкан жана ал натыйжалуу болгон.
.
Жазында аконитти аз-аздан колдоно баштаганыбыз менен биз башка өлкөлөрдө болгон эпидемияны токтоттук. Эгерде биз аконитти колдонбосок, анда, албетте, 2020-жылдын июнь айындагыдай, дарыгерлерди жана стационардык керебеттерди камсыздай алмак эмеспиз. Журналисттердин аркасы менен пайдалануу токтоп калган аймактарда — булар Бишкек жана Чүй облусу — биз үчүнчү толкунда коронавируска чалдыккан көп сандагы учурларды көрдүк.
.
Биз изилдеп чыктык. Учурда Америкада маалыматтар, макалалар чыкты. Биз дүйнө жүзү боюнча аконитти изилдеп жаткан окумуштууларга кайрылдык. Алар керектүү көлөмдөгү аконит менен камсыз кылууну суранышууда», — деген Бейшеналиев.
Андан сырткары Бейшеналиев Франция өлкөсү уу коргошунду көп көлөмдө алып кеткендигин, башка өлкөлөр да алууга кызыкдар болуп жатышкандыгын билдирди.

Аргумент.kg