Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Токтайым Үмөталиева менен жолугушуп сүйлөштү.
«Токтайым Үмөталиева менен жолугуштук, сүйлөштүк. Абдан жакшы аял экен. Ошол кезде оорукананы ачып алганын айтып, көп акча сарптагам деп айтты. Урушпай-талашпай бир чечимге келдик. Биринчиси, мен сарптаган акчаны берсеңер силерге өткөрүп берем деди. Экинчиси, чогуу иштетели деген сунуш болду. Мен 6-оорукананын башкы дарыгерине ал эжекебиз дагы, биз дагы нааразы болбогондой чечкиле дедим. Ал башкаларга караганда акылдуу экен», — деди Бейшеналиев.