Алымкадыр Бейшеналиев: “Мен “инкубский” болом…”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Алымкадыр мырза, Сабыр Жумабеков менен болгон кармаш бүттүбү?

— Кечээ травматологияны жаптым. “Жумабековдун командасынын ал жакта изи, жыты калбасын” деп атам. Себеби, элдин баары тажап калыптыр. Булар көпчүлүк калкыбызды кыйнап, каражатты толтуруп алышты. 300 доллар турган протезди 3500 долларга сатышат жана башка толуп жаткан маселелер бар. Эми айтып атам, “капчыгыңар кампайды, жакшылап эс алгыла!” деп. Кызматкерлерине “мени шейх чакырып атат, командировкага кеттим” деп койчу экен. Бул карандай калп, аны эч бир шейх чакырбайт. Өткөндө “40 мамлекеттен чакыруу болуп атат” деген күлкүлүү маалыматты окуп калдым. Чындап келсе экөөбүздү 40 мамлекет эмес, жадагалса коңшу Казакстан чакырбайт. Дагы чындасам, ага караганда атагым чыккан хирургмун, мени чакырса куп гана жарашмак.

— Алмазбек Исманкуловду эмне кылдыңыз?

— Ал эл аралык аферист да. Кечээ президент жана башкы прокурор менен сүйлөштүм. Бүгүн соттук иши ачылат. Бирок, Исманкуловго эч чара көрө алышпайт. Себеби, “жөөттөр” менен байланыштары бар. Феликс Кулов келиптир, “тиги-бу” деп. Эмне кыларымды билбей, Исманкуловдун клиникасынын кире беришине бир машине кум түшүрүп салдым, “эч ким кирбесин” деп. Азыр угуп калдым, “тазалатып атат” деп. Баары, анын ичинде премьер-министри баш, прокурору төш болуп, эмне кыларын билбей атышат. “Жөн эле алпарып камап салгыла” дедим. Эми караңыз, момун кыргызды 24 жылдан бери алдап жүрө бергенин. Түштүк Корея мамлекети менен 27 миллион долларга келишим түзүп, 8,5 миллионун берген. Күрөөгө Ж.Баласагын атындагы улуттук университетти коюп салыптыр. Азыр бирдеме болсо Түштүк Корея университетти алып коёт. Мен ошону сактап калуу үчүн иштеп атам.

— Сактап калса болобу?

— Болот да. Мелис Эшимкановдон калган акчаны берип алып калам (күлүп). Раматылык Мелис тирүү болгондо, мен кылып аткан реформанын маңызын илгиртпей түшүнүп, кылымды кыйшайтпай колдомок. Азыркы журналисттер мени колдобой атышкансыйт…

— “Эрнст Акрамов аксакалды да жаап салды” деп айтып атышат, буга эмне дейсиз?

— Эрнст Акрамовдун институтун жаап салдым. Көп жылдан бери институтту шылтоолоп, донорлордон каражат алып, аны “отмывание” кылып жүрчү. Ал киши 85ке чыкты. “Үй-жайы, эч кимиси жок. Ошол жакта жашай берсин, эч кимиңер тийбегиле, оорукананын тамагынан берип тургула” дедим. Ошол жердин эң четки бир бөлмөсүндө жашайт. Карылар үйүнө жайгаштырып, сүйлөшө турган өзү курактуу кемпир-чалдар менен жүрө бергидей кылайын (!) десем, кыргыздар “ал Эл Баатыры!” дешип кыйкырып чыгышты. Ал жакта баардык шарты бар бир бөлмөнү бермекмин, багуусу жакшы болмок, бир кемпирди жанына отургузуп коймокмун, эмнеси жаман?..

— “Мамбет Мамакеев аксакалга тийбейм” депсиз, бу жагына да түшүндүрмө берип коёсузбу?

— Мамакеев деген менин атам. Ал кишиге күнүгө барам, бирге чай ичебиз. Бул нерсени эч ким түшүнбөй атат. 20-25 жыл мурун директорлук кызматты өткөрүп берип, жумуштан кеткен. Канат деген баласы мыкты менеджер. Эгер ушундай балдар көп болсо, баардык ооруканаларга коюп коймокмун. Оорукананы оңдоп койду. Мен өзүмдүн атамды каякка кетирмек элем?

— Кийинки кадамдарыңыз?

— Стоматология менен акушер-гинекологиядан баштаганы турам. Стоматологияны бир айдын ичинде тартипке келтирем. Мисалы, гинекологиялык кабинеттер “Беш-Сарынын” жертөлөсүндө бир күндө 10-15 кыргыздын кыздарына аборт кылып атат. Ал кыздар 1000-1500 сомго наркы Кулиев көчөсүнө барып “ойной” коюп, боюна бүтүп калса, бери жакка жалдырап келишет экен. Атасы, чоң атасы менен тең эркек сөрөйлөр кыздарды “уйпалап” коюп атат. Ошол эле 1500 сомго аборт кылдырат. Ал эми мамлекеттик ооруканага барса, “анализ тапшыр, муну, тигини алып кел, анан доктур менен кеңеш” деп атышып, 2-3 миңден ашып кетет.

— Президент Садыр Жапаров кадрдык ротация маселесине көңүл буруп атат. Сиздердин министрликте бул жагы кандай?

— Ал медицинада такыр болбойт экен. Мисалы, Ат-Башыдагы Бейшеналиевди Ноокатка жөнөтөйүн десем, ал “менин эки катыным бар. Анан кантип экөөнү тең Ноокатка алпарам?” дейт. Андан көрө өз жеринде эле бөлүм башчы болуп иштегенге кайыл болуп атышат.

— КОВИД деген балээни эмне кылабыз?

— Биз КОВИДди жеңдик. Саламаттык сактоо министрлиги жакшы иштеп, аконит берип атып вирусту “тизелетип койдук”. Башка өлкөлөр бизге суктанып калышты.

— Аконит бейтаптарга расмий түрдө берилдиби?

— Кыргызда “уу чөп” десе эле “а-аа, уу коргошун турбайбы” деп чочулап атышты. Мен ойлоп атам, ошол дарыга “Анара”, “Гүлнара” же “Саида” деп ат койгондо, башкача болмок. Элдин баары “Саида” деген дары чыгыптыр, коронавирусту жок кылат экен” дешмек. Ошол эле учурда “коронавирусту таптакыр жеңдик” дегенден алыспыз, дагы жаңы толкундары болот. Бул аты жаман илдет менен дагы эки жылдай күрөшөбүз. Азырынча “омикрон” менен токтоп турабыз.

— Өзүңүз да бул илдетке кабылгансыз да?

— Мен “дельта” штаммы менен оорудум. Эки күн арак ичкен мас кишидей дендароо болуп жүрдүм. Эки күн делдиреп, үчүнчү күнү жумушка чыгып кеттим. А дейбиз, бу дейбиз, бул илдет менен тамашалашканга болбойт, эки секундда көтөрүп чабат.

— Жогоруда раматылык Мелис Эшимкановду сөз кылып кеттиңиз. Экөөңөр абдан дос элеңер…

— Ал экөөбүз чын эле дос элек. Бильярдга барып, ошол кездин не деген залкар адамдары менен бирге шар аттык. Бир жолу Алайга бардык. Кердегей деген жерге. Ажерде Кубат Жусубалиев деген жазуучунун үйүндө болдук. Тоонун түбүндө экен. Тамакты аябай үнөмдөп жеп, көбүнчө бүкүрөйүп отуруп алып бирдемелерди жазып атты. Калың “Жети сөз” деген китебин белек кылды. Анын 15 бетин окудум, түшүнө албай койдум. Тили абдан оор окшойт. Андан ары улантып окубадым, такыр башкача болуп туруп алды. Анан Мелиске “Кубат акеңдин чатыры (крышасы) жылып кеткенби, бу эмне деген адам?” десем, “Кубат акемдин чыгармаларын кыргыздар 100 жылдан кийин талашып окуп, ошондо ушу китебиңдин дайынын таппай каласың. Азыр эч ким түшүнбөйт” деди.

— Биздин Накен Касиев агабыз бар. Ага тийишпей эле коёсузбу?

— А киши миллиарддаган акчаны алып туруп, саламаттык сактоо министрлигин талкалап таштады. Мен ошону кайра ордуна апкелдим. Алар ар бир райондо 5-6 медучреждение ачып алып, ар бирине бирден башкы врач коюп чардап калышкан. Ошонун баарына бирден гана башкы врач кылып койдум.

— Эми ушунун баары реформабы?

— Реформа эмеспи? 30 жылдан бери отуруп элди кыйнап, уурдап аткандын баарын кармадым, сотко берип атам. Эгер мен жөн эле алып койсом, сотко бермек. Кечээ Жалал-Абаддагы Калдарбек Абдрамановду жумуштан алсам, “рахмат” деди, “соттолуп кетесиң” десем, “соттобочу!” дейт.

— “Алымкадыр Бейшеналиев президенттин кишиси экен. Ошого таянып атат” дешүүдө. Чын эле президентке таянып атасызбы?

— А киши тескерисинче, мени сындап, “тормозду теп, токто!” деп атат. “Жумабековду токтот” дегенине болбой койдум. “Улуттук университетке тийбе, акча келип атат, тийсең сени жумуштан кетирем” деди.

— А сизчи?

— “Кетирсең кетир, мен алардын баарын талкалайм” деп атам.

— Кетиреби анан?

— Кетирсе “эй, момундай реформа кылып аткан министрди эмнеге кетирип атасың?!” деп эл көчөгө чыгып кетет. Ал кетиргиси келсе приказ менен эле кетирип салат дечи, бирок, биринчи кезекте журналисттер “президент туура эмес кылды. Татынакай иштеп аткан, реформа жасап жаткан болчу” деп жазып чыгасыңар да.

— Жасап аткан реформа иштериңизде жеке кызыкчылыктардын жыты жокпу?

— Кандайча жеке кызыкчылыктар? Мен деген интернатта чоңойгом, “инкубскиймин”. Ата-энем жок, досторумдун мыктысы Мелис Эшимканов болчу, а да мени жалгыз таштап, о дүйнөгө кетип калды. Кимди жумушка коймок элем? Чындап келсе, буга чейин эле өзүмө жетишерлик байлыгым бар болчу. Аны “тиги жакка” ала кетмек белем? Азыр бир миллион долларга травматологиялык корпус, 15 миллионго “Алтын балалыкты” жасап атабыз. Дагы бир жерди берсе кылайын деп эле атам. Элге кызмат кыла турган мезгил келди!

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg