Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Буга чейин Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге «Көз микрохирургиясы» клиникасын жетектеген Алмазбек Исманкуовдун дарегине айткандары боюнча чара көрүүнү өтүнгөн.

Бейшеналиев таластыктарга карата сүйлөгөнү үчүн да эскертүү алды.

Аргумент.kg