Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иштердин бардыгы токтотулду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон 7 кылмыш иши тең токтотулду. Мындай маалымат анын жактоочусу Кайсын Абакиров тарабынан белгилүү болду. Жактоочунун билдиришинче, кылмыш иштери август айында эле токтотулган. Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган. Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирген. 16-августта Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган. 19-августта саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулуп, ошол эле күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.

Аргумент.kg