Алымкадыр Бейшеналиев: Мен жумушка келдим. Реформамды улантам

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келип, учурда жумуш ордунда. Мындай маалымат министрдин өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

«Аларды министрлер кабинетинин төрагасы кетире алат. Мен жумуштан кетире албайм. Мен жумушка келдим. Алар менен жолугушуп калсам күлүп коём, башка эмне кылмак элем. Алар эми уяты болсо өздөрү эле уялып кетишет. Мен иштеп, реформаларды кыла берем», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

16-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары чукул маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашкан. Анда Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев министрди кызматтан кетирүүнү суранышкан.

Аргумент.kg