Алымкадыр Бейшеналиев ага каршы чыккан орун басарлары тууралуу: «Уяттары болсо өздөрү эле кызматтан кетишет»
28-бугу, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келип, учурда жумуш ордунда. Мындай маалымат министрдин өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
«Аларды министрлер кабинетинин төрагасы кетире алат. Мен жумуштан кетире албайм. Мен жумушка келдим. Алар менен жолугушуп калсам күлүп коём, башка эмне кылмак элем. Алар эми уяты болсо өздөрү эле уялып кетишет. Мен иштеп, реформаларды кыла берем», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.
16-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары чукул маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашкан. Анда Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев министрди кызматтан кетирүүнү суранышкан.