Алтынбек Жумаевдин “Айшанур” чайханасы мыйзамсыз курулганбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бизге жеткен маалыматтар боюнча «7 каналдын» алмашкыс жетекчиси Алтынбек Жумаев кичи мекени болгон Өзгөн районунун Куршаб айылында «Айшанур» аталышында чайхана куруп, анын ачылышына тууган-уругун, жоро-жолдошторун чакырып, чоңтой өткөзүптүр.
Ачылышка келген А.Жумаевдин саясатчы достору – «Сени АШАнын жанынан неге чыкпай калды десек, көрсө, минтип, анын пайдасын көруп жаткан турбайсынбы» – деп, тамашачынын аралаштырып сөз кылыптыр.
Мындан тышкары, Жумаевге таандык болгон жер тилкесинде кичи базар ачылып, санитардык нормаларга каршы келген ишмердүүлүктүн орногонун айтышууда. Ал ал болсун дейли. Эң кызыгы, Алтынбек Жумаев аталган коммерциялык объектилерин тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты жок, мыйзамдагы коопсуздук талаптарын көзгө илбей, өзүм билемдик саясаты менен курганы каңкуулана баштады. Балким, Алтыке азыр башка заман экендигин билбеген чыгаар. Бирок, эмнеге курулуш коопсуздугун көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар мындай мыйзамсыздыкка өз баасын бербей жүрөт деген суроо туулат?!
Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg