Алтынбек Сулаймановго “сүрсүтүп” койгон кылмыш ишин козгошобу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир топ убакыт Америкада эс алып, чер жазып келген Алтынбек Сулаймановго күч органдары байкоо салып турганы каңкууланды. Дээрлик кыймыл-аракетине кызыгуу күчөп турган чагы. Айрым узун кулактардын айтымында, кылмыш иши да даярдалып калганы жөн жерден эмеспи? Алтынбек Сулаймановдун студент кезинен берки баскан жолун текшеришип, илинчээк табышканбы? Албетте, азырынча көп нерсе бүдөмүк тартып, тар чөйрөнүн бүйүрүн кызытып тургандай. Кандай ишти “сүрсүтүп” коюшканына убагы келгенде токтолобуз. Сыягы, каарманыбызга айрым лөктөрдүн карарып калганына караганда, алдыдагы саясый өзгөрүүлөрдөн шек санашабы? Алтынбек Сулаймановдун коомчулукту бурууга ролу чоңбу? Бул таризде талдоого кенен убакыт бар.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg