Алтынбек Сулаймановдун губернатор болгонун көлдүктөр кабыл албай жатышыптыр

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ысык-Көлгө губернатор болуп барган Алтынбек Сулаймановду жергиликтүү тажрыйбалуу чиновниктер жеришип, кыртыштары сүйбөй жатышыптыр. Себеби, бой көтөрө барган «чоң муштум» кыйынсынса керек да, ал эми жалпы жамаат сыртынан сыр билгизбегени менен кабыл алышпаганы кандай?

Карапайым калктын да маанайы жакшы эмес (!) дейт. Ошондо Алтыке коп узабай ыргыйбы? Дагы бир маанилүү жагы, «бул бир канча ирет депутаттыкка шайланыптыр, өзүнүн жыргалчылыгы үчүн жан бакса, аткаруу кызматында тажрыйбасы жок болсо…» дешкендери кандай?

Айтор, аймактагы жетекчилерге жакпай жатса, жалпы эл кабыл алмак беле? Жакында башын сылап, баса берет го. Күзгө жетпей…

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg