Алтынбектен арзан пиар
04-бирдин айы, 2020-ж // //Шайлоонун “шайтан оюндары” күч ала баштады. Буга чейин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов маска кийип, коронавирустан сактанса, кечээ Ош базарга барып, көчөдөн манты жеген көрүнүшүн элге ачыктаган. Бирок, коомчулуктун сынына кабылды. Кантсе да Алтыкең айтылган кептерге «ачырканып» калбай, жакында бомж кейпин кийип, эл аралап, упай топтогону жатканын уктук. Балким, кезектеги сценарий ишке ашып, коомчулуктан колдоо таап кетсечи?..
Булак: Арыба.кж