Алтынай Нарбаева: “Ажобуз менен жолугушууга барган Эркин Рыскулбековго жүрөгүм жылыды”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президент Сооронбай Жээнбековго барып келген ыктыярчылардын арасында алып баруучу Эркин Рыскулбеков Алтынай Нарбаевадан кечирим сурады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Инстаграм баракчасында билдирди.

“Мен кыргыздын бир жараны, ырчысы катары ызамды айтам деп, сиздерди, алыс, жакында жүргөн мекендештерим, ушунчалык чоң тема болуп кетет деп, ойлобоптурмун. Элибиз дүрбөп, Эрнис жок, Алтынай жок деген миңдеген комментарийге эле, бир жооп берейин дегем. Түйшөлүп, ак тилегиңиздерди, ак батаңыздарды бердиңиздер, чексиз ыраазымын. Сиздердин ошол таза сезимиңиздерде, жашаганым сүйүндүрдү. Сиздердин бааңыздар, кадырлаганыңыздар, баардык: материалдык, соцалдык абалдан бийик. Күчтөндүм. Башымды ийип, таазим этем. Анан ошол жолугушууга барган, менин эң ардактаган, элибиздин кыраан мырзасы Эркин Рыскулбековго жүрөгүм жылыды. “Эже, алтыным, алдыңыздан өтөюн, сизди жакшы көрөм, сыйлайм. “Бул чоң адамгерчилик сапат. Эркин, мен да сени өтө баалайм. Кызматыбыз элибиз үчүн.

Экинчи: Улуу эжебиз КР нын Эл артисти Гүлшайыр эжемдин калыстык сөзүнө, менин барбай калганыма, эжекемдин адресине кыянат сөз айтылып кеткен. Мен сизден кечирим сурайм. Сиздин сөздөрүңүздү, кеп кеңешиңизди өмүр бою угам, жашоомдо колдонуп келем. Кыргыз элибизди кудайым колдоп, эртерээк кутулалы, ушул келген пандемиядан”, – деди Нарбаева.

Аргумент.kg