Алтын менен күмүштүн ден-соолукка тийгизген пайдасы кандай?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул металлдарды жана булардан жасалган баалуу жасалгаларды көпчүлүк ийгилик, байлык жана бакубатчылык менен байланыштырышат. Ал эми биринчи кезекте булардын саламаттык үчүн ролу зор экенин биле беришпейт. Эмесе, алтын менен күмүш терапиясы жөнүндө жана алар кандай ооруларга даба экенин Barometr.kg  адистердин кенештерин сунуштайт.
Алтын-ар бир кишинин организминде 10 микрограммга жакын алтын болот. Анын жарымы сөөктөрдүн курамына туура келип, алардын ийкемдүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет. А бирок, организмдин күнүнө канча көлөмдө алтын керектээрин окумуштуулар ушул күнгө чейин иликтей албай келишет.
«Алтын суу» жүрөктүн иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, согуу ритмин калыбына келтирет. Ал үчүн алтын жасалганы идишке салып, үстүнө 2 стакан суу куюп, ал 2 эсе азайганча кайнатасыз. Анан «алтын суудан» күнүнө 3 жолу бир чай кашыктан ууртап туруу керек. Таза алтын микроорганизмдерди өлтүрүүдө, оору жаратуучу микробдор менен күрөшүүдө күчтүү каражат. Андыктан, андан жасалган тагынчактарды тери ооруларынан жабыркаган шартта тагынуу зарыл. Гипертониялык оорулардан жабыркаганда, тагыраагы, муундары көп ооруп, эс-тутуму начарлап, кан басымы жогорулап, аба ырайынын өзгөрүшүн көтөрө албай, дайыма көңүлсүз жүргөн адамды дарылоодо да алтын натыйжалуу. Мындай жагдайда алтын жасалгаларын дайыма тагынып жүрсө болот. Бул баалуу металл адамдын иммунитетин чыңдап, эс-тутумун жакшыртууга жана артериалдык басымын төмөндөтүүгө жакшы жардам берет. А түгүл анын таасиринен организмдеги эпилепсия оорусунун таасири басаңдашы же таптакыр жоголушу мүмкүн. Бул үчүн алтын жасалганы күн сайын белгилүү бир убакытта белгилүү бир мөөнөткө чейин колдо кармап отуруу кажет.
Алтындын депрессияны жоготуучу, стресске кабыл кылбоочу жана адамды өзүнө ишенимдүү кылуучу касиети күчтүү. Анан да мындай сапаттарды жаратууда башка жасалгаларга салыштырмалуу шакектин орду чоң деп айтылат. Муну колдонгон адам эң башкысы ушундай болоруна ишениши керек экен. Таш чөгөрүлбөгөн алтын шакекти таза сууга салып, бир саатка жакын тыныктыруу зарыл. Андан кийин аны чыгарбастан ал суу менен оозду чайкап, 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин дагы чайкап отуруп бул процессти 4-5 жолу кайталаса, ал чыдаткыс тиш ооруну басаңдатат же биротоло басат. Ошол эле маалда оозду жагымдуу жыттантып коёт. Алтындын жардамы менен муундарда, омуртка тутумунда жана боордо пайда болгон ооруну да дарыласа болот. Ал үчүн таза алтын шакекти ооруган бөлүккө коюп улам ары жылдырып, кайра бери жылдырып отуруу керек. Ал эми омуртканы шакек менен жогорудан ылдый белге чейин сыласа, оорунун күчтүү табы кайтып кетет. Эскертүү: Алтын бул жаатта бардык адамдарга бирдей таасир бербейт. Организмге жакпаган маалда ал көңүлдү чөктүрүү, чачтын түшүүсүн көбөйтүү, тиштин абалын бузуу, боор-бөйрөктү оорутуу жана аллергия берүү менен таасир этиши мүмкүн. Мындайда сизге жогоруда көрсөтүлгөн терапияларды жасоого болбойт!
КУМУШ-Бул организмде мээнин, сөөк ткандарынын, кандын курамы үчүн маанилүү элемент. Адам бир суткалык рационунда 88 мг күмүш ионун кабыл алышы шарт. Тилекке каршы, азыркы күндө муну ишке ашып жатат деп айтууга болбойт. А негизи күмүш аз санда болсо да капуста, клюква, эт азыктарынын жана лосось, сардина балыктарынын курамында кездешет.
Бөлмө температурасындагы таза сууга эски күмүш тыйынды же кашыкты бир сутка салып коюу менен «күмүш сууну» даярдаса болот. Муну кадимки суу ордуна пайдалануу жугуштуу оорулардын алдын алат жана иммунитетти чыңайт. Организмдеги кан агууну жана айыз маалындагы чыдаткыс оорутууну да ушундай суунун жардамы менен баскан жакшы. Себеби, ал оору менен бирге анын кесепеттери болгон калтыроону, алсыроону жана баш ооруну да жууп жиберет. Ашказан жарасы, гастрит жана бөйрөктүн сезгенүү, суук тийүү ооруларын дарылоодо «күмүш суу» табылгыс каражат. Бирок, мындайда анын атайын лабораторияда даярдалган жана дарыканада сатылган 0,5%дуу аралашмасын сатып алуу керек. Аны күнүнө 3 жолу тамак алдында 20 млден ичесиз. 0,5%дуу «күмүш суунун» аралашмасы былчылдата сиңирилген марля менен күйүп калган жерди компресс кылып турса, жаракат тез айыгат. Ушундай эле ыкма менен операциядан кийин сезгенип же ириңдеп кеткен жерлерди да калыбына келтирүүгө болот.
Ашказан жарасы, гастрит жана бөйрөктүн сезгенүү, суук тийүү ооруларын дарылоодо «күмүш суу» табылгыс каражат. Бирок, мындайда анын атайын лабораторияда даярдалган жана дарыканада сатылган 0,5%дуу аралашмасын сатып алуу керек. Аны күнүнө 3 жолу тамак алдында 20 млден ичесиз. 0,5%дуу «күмүш суунун» аралашмасы былчылдата сиңирилген марля менен күйүп калган жерди компресс кылып турса, жаракат тез айыгат. Ушундай эле ыкма менен операциядан кийин сезгенип же ириңдеп кеткен жерлерди да калыбына келтирүүгө болот. Сасык тумоонун алдын алуу үчүн бетти «күмүш суу» менен жууп, мурундун ичин кайра-кайра чайкоо натыйжалуу. Таза күмүш эч убакта карарбайт. Карарып кетсе, аны тагынып жүргөн адамдын ички органдарынын кайсы бири же бир нечеси ооруйт деп түшүнүү керек. Бул жагынан алганда күмүш жасалгалары адам үчүн ооруну ачыктоочу же козгоочу кызматты аркалайт.
Күмүш жасалгаларды тагынып жүрүү тамак сиңирүүчү органдардын иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртат. Кичинекей баланын териси өзгөчө кам көрүүнү талап кылат эмеспи. Андыктан, анын денесине чыгуучу майда бараттардан арылтуу үчүн баланы күмүш сууга жуунткан оң. Муну менен катар анын упчусун, оюнчуктарын жана идиштерин да күмүш сууга жууп коюу ашыктык кылбайт.
Эскертүү: Күмүштүн же күмүш суунун организмге жакпашын баш оорудан, баш айлануудан, кулак чуулдоодон жана көңүл чөгүүдөн байкаса болот. Мындайда андан баш тартуу зарыл. Бирок, жаккан жагдайда дагы жогорку терапияларды тынымсыз колдонуу керек эмес, денеде анын иондору көбөйүп кетсе ден соолукту жабыркатып коюусу ыктымал.
Булак: Барометр.кж

Аргумент.kg