Алты сааттан аз уктоо рак оорусуна, жада калса өлүмгө себеп болот!

Алты сааттан аз уктоо рак оорусуна, жада калса өлүмгө себеп болот!

06-тогуздун айы, 2019-ж // //

Американын “Journal of the American Heart Association” журналы окумуштуулар алты сааттан аз уктоо рак оорусун пайда кылып, жада калса өлүмгө себеп боло тургандыгын изилдеп чыгышканын маалымдады.
Өзгөчө алты сааттан аз убакыт уктагандар: жогорку кан басым, кан диабет жана жүрөк оорусуна эки эсе кабылгандыгы аныкталган.
Пенсильваниянын медицина факультетинде профессорлукту аркалаган Julio Fernandez-Mendoza изилдөөлөрдүн акыркы бөлүгүндө: “биздин изилдөөбүз, нормалдуу убакытта уктап, режим сактагандар ден соолугун коргой алат, муну менен бирге ал, толук кандуу жыйынтыкка келиш үчүн, мындан да толук жана комплекстүү иш алып баруубуз шарт”,-деди.
Булак: «Заман.кж»