Алмазбек Атамбаевге мектепке байланыштуу кылмыш иш козголду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата дагы бир кылмыш иш козголду.  Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Жактоочунун айтуусунда, Алмазбек Атамбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатат. Бул жолу Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу кылмыш иш козголгон.
“Буга чейин бул ишке Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун да катышуусу бар деп, алар сурактан өткөн. Алмазбек Атамбаевге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү. Кубанычбек Кулматовдун мектепти куруу зарылдыгы жана аны кытайлык компаниянын эсебинен куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазган катында мурунку мамлекет башчынын “Мен макулмун” деген кол тамгасы бар. Бирок, билим берүү мекемесин куруу чечими өкмөт тарабынан кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Атамбаев виза берүүгө милдеттүү болчу, анткени бул кат алышуу катары бааланат. Ага кат келсе, жооп бериши керек да туурабы”, — деди жактоочусу Сергей Слесарев.

Аргумент.kg