Алмазбек Атамбаевдин камактан чыгуусуна Кремль кызыкдарбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстан суверендүү мамлекет катары саналганы менен Россияга экономикалык жактан көз каранды. Негизги көрсөткүчтөн алганда ушундай. Айтмакчы, жаңы бийлик келгенден бери Владимир Путиндин көз карашы биз ойлогондой болбой, анчалык колдоону сезбей келген элек. Тескерисинче, Тажистанга дем берип, алардын айынан кырдыбычак кырдаал жаралганбы? Ал эми Россиядан келчү күйүүчү май, газ, курулуш материалдары, дээрлик азык-түлүктөр эки жылдан бери кымбаттап кеткен. Украинанын залакасы тийип атышы мүмкүн. Бул жагы өзүнчө көп сөз… Кызыгы, жакында Путиндин Бишкекке келиши, кыргыз бийлиги менен мамилени жакшыртууга көргөн кадамы катары бааланууда. Бирок көшөгө артынан Кремль тарабынан бир топ шарттар коюлганы айтылууда. Орчундуусу – Алмазбек Атамбаевди камактан чыгаруубу?

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg