
Алмазбек Атамбаев уулу Кадыр менен Дубайга учуп кетти
15-бирдин айы, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваБул тууралуу анын жакын тарапташтары маалымдады.
Эскерте кетсек, кечээ, 14-
февралда Алмазбек Атамбаев «Батукаев», «Кой-Таш» иштери менен 3,5 жыл абакта отуруп, Жогорку соттон анын жактоочуларынын
өтүнүчү канааттандырылган кийин бошотулган.
Андан соң, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан Алмазбек Атамбаев чет өлкөгө даарыланууга уруксат алган.
Мурдагы өлкө башчы ЖМК өкүлдөрүнө маек берип жатып өзү кабарлагандай, Дубайда Испаниянын мыкты дарыгерлери күтүп жатканын, жада калса, эки өлкө ортосундагы учак билетин дагы Испаниянын премьерминистри каржылаганын билдирген.