Алмамбет Салиев күч органдарынын жетекчилеринен сак болуусу кажет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президенттин аппаратынын орун басары Алмамбет Салиевди күч органдарынын жетекчилери адаштырууга кызыкдар болушканы ыраспы? Бул боюнча тар чөйрөдө олуттуу эле адамдар шек саноолорун жашырышпай коңгуроо кагышууда. Негизи президенттик аппаратка кашкайган чындык, реалдуу маалыматтар жеткизилип турушу шарт. Тилекке каршы, биздин күч органдарын тейлеген жетекчилер жакшы көрүнүү үчүн тескери кете беришсе, аягы кандай болот? Андыктан, Сооронбай Жээнбековдун эң, ишенимдүү адамы Алмамбет Салиев сак болуп, «жети өлчөп бир кесип» дегендей, сергек маанайда иштөөсү зарыл. А болбосо күнкарама «погончондор» бүгүң бирди айтып, эртең, башканы былжырап кете беришет. Андайлар кресло үчүн миң түрлүү кубулушуп,аягында сатып кетиштери салтка айланып калды го?..
Булак:»Азия нюс»

Аргумент.kg