Сокенин жанжөөкөрлөрү Алмамбет Салиев менен Эрнис Толтоев маал-маалы менен жолугушуп, чай ичип турушары каңкууланды. Өткөн-кеткенди эстешип, алдыга карай план да түзүшүп. Негизи Эрнис мырза бир калыпта, түз жүрөт эмеспи. Ошон үчүн бул бийликке да жагып, Ош облусунун губернаторунун орун басары катары иштеп атат. Ал эми көп чуулгандуу иштерге, коррупцияга аралашкан Алмамбет Салиев 2021-жылы түрмөгө отуруп чыгып, бирок жеңил жаза менен кутулуп кеткени белгилүү. “Кусканы” кабарланган эле, дагы кимдердин чөнтөгүн толтурганы белгисиз. Акчасын чачып, чала-була жаза алганы ырас. А кийин темирдей тартип, катаал мыйзам каралса, эмне болот? Кызыгы, Алмамбет Салиев соңку кездерде тыңсына сүйлөп, бийликтин иши бүтүп баратканын оозанса, жанына киши чыдап туралбайбы? Эми бул жагын Эрнис Толтоев айтпаса керек, сыр катары сактап. Бир мезгил келет, баары ачыкталат го…
«Азия Ньюс» гезити