Алмаматовду сыйпалап таппай калышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку сот чыгарган чечимге ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Тилекке каршы, укук коргоо органдары сыйпалап таппай калышты, — деп жазып чыкты «Фабула» гезити бүгүнкү чыккан санында. Учурда жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап дегендей, издөө жарыяламыш болушуп алакан жайып отурушат.
Шадиевди суу кечирип качырып жиберип издегендей эле схема кайталанды. Эске сала кетсек, коррупцияга айыпталган Алмаматовду Октябрь райондук соту 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң айып пул салуу менен Алмаматовду эркиндикке коё берген. Жогорку сот экинчи инстанциянын чечимин жокко чыгарган.

Аргумент.kg