“Аллах эле аллах” деген Бактыбек Калмаматов динге берилип кеткендей…

“Аллах эле аллах” деген Бактыбек Калмаматов динге берилип кеткендей…

14-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

“Аллахтын аты менен касам ичем. Күнөөлүү эмесмин. Аллахыман адилеттүүлүктү күтөм…” деп кат жазган Бактыбек Калмаматов радикалдаша баштаганбы? Айрыкча жандүйнөсү алсыз адамдар түрмөгө түшкөндө динге катуу берилип, сынып, айласы кетип калары анык. “Аллах эле аллах” деп калганына караганда, абалы чатак окшойт. Кудай, Жараткан, Теңирге сыйынбайбы? Улуттук мүнөздө, кыргызча дегенибиз… Бактыбек эркиндикте жүргөндө бакылдап бийликти сындап, ар нерсени койгулаштыра чагымчылык жасаса, анан сөзүнө жооп бериши керекпи? Мындан аркысын мыйзам, сот аркылуу таразадан көрөлү…

«Азия Ньюс» гезити