Жекшенкулов: «Кыйынчылыкка кептелген мигранттарга кол кабыш кылуу негизги максатым»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

-Аликбек мырза, Кыргызстандын төрт өлкөдөгү элчилери дайындалды. Сиз кыргызстандын Россиядагы элчилик кызматына бекидиңиз. Бул кызмат күтүлгөн беле же Тышкы иштер министрлигинде иштөөнү кааладыңыз беле?

-Мен мамлекеттик кызматкер болгондуктан, мамлекетке кызмат кылууга кызыкдармын. Тышкы иштер министрлигиндеби же элчилик кызматтабы иштөөнүн айырмасы жок. Кайда иштесем да, мамлекетке пайда келтирсем ошол маанилүү деп ойлойм. Россия чоң патенциалы жогору мамлекет. Ал жакта мамлекетке пайда келтире турган чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр Россиянын аскердик багытта аброюу өстү. Ошондой эле Еврозиялык континентте дагы таасири күчөй баштады. Мына ушундай мүмкүнчүлүгү жогору, чоң мамлекетке элчи болуу жооптуу жана жогорку кызмат экенин билип, сезип турам. Мага ушундай жоопту кызматты ишенип дайындаган Сооронбай Шариповичке ыраазычылык билдирем. Ал ишенимди сезем жана баалайм.
-Сиздин аталган кызматка дайындалганыңыз коомчулукта жакшы кабыл алынып, мыкты дипломат экениңиз эске алынды. Бирок, Россияда биздин мигранттарыбыз көп болгон үчүн эмгекти көбүрөөк талап кылат деп кооптонуп жаткан жоксузбу?
-Мен эч качан эмгектенүүдөн коркпогон, качпаган адаммын. Ишти кайсыл жагынан башташымды да пландап азыраак уктап жатам. Анткени, Кыргызстан менен Россиянын мамилесин мындан да жакшыртууга салым кошуу дагы өзгөчө мааниге ээ. Россияны башка мамлекеттер менен катар карай турган болсок, коопсуздугубуз да, саясий маселебиз дагы, экономикабыз да, маданиятыбыз да, билим берүү тармагыбыз да, мигранттарыбыз да Россия менен көбүрөөк байланышат. Кыскасы, иш да, элчиликте иштегендер да көп. Мен штаттык расписаниени караганда элчиликте 50 киши иштегенин көрүп чыны менен таңкалдым.
-Ишти аткаруучулардын көптүгү балким ишиңиздин илгерилешине салым кошоттур?
-Билесизби, мага кызматкерлердин санынын көптүгү эмес, иш сапаттуу бүткөнү жогору. Кызматкерлердин басымдуу бөлүгү ишин мыкты билген профессионалдар экенин билем. Бүгүн дипломаттар да, коомчулук да иштин жыйынтыгын талап кылышат. Иш эффективдүү болуш үчүн ишти сүйгөн, ишин мыкты билген профессионалдар иштеши иштеши керек.
-Эмне үчүн шашылыш кетип жатасыз?
-Жетекчиликтин тапшырмасын аткарыш үчүн шашылыш кетип жатам. Анткени, март айында Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө ниеттенип жатат. Бул сапардын өлкө үчүн мааниси чоң жана керектүү сапар. Эки өлкө үчүн лидерлердин ысык мамилелери, карым катнаштары өлкөлөрдүн эки тараптуу мамиленин жакшырышына таасири чоң. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн Орусиянын таасири кандай экендигин түшүнүп жана кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө зор умтулуу жасап эки тараптуу мамилеге жаңы дем берүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билет. Эки жактуу мамилени жаңы барактан баштап, жаңы дем берип, бирдиктүү мамилени бекемдеп, чыңдап, жандуу ишти башташыбыз керек. Россиянын президенти Владимир Путиндин сапары мартка болжолгону менен жетиштүү документтерди даярдашыбыз керек. Ошон үчүн шашылыш кетип жатам. Аны сапары маанилүү болгон үчүн президенттик аппарат менен да алдын ала сүйлөшүп, айрым маселелерди макулдашып алдык. Баса, февралдын башында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун президентибиз менен жолугушуусу күтүлөт. Ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт.
-Аталган кызматка кайсыл маселелерди колго алуу үчүн аттанып жатасыз? Жетекчилик да тапшырма бердиби?
-Президенттин эки тапшырмасы бар. Бири мигранттар менен иштөө. Аларды камкордукка алуу, колдоо көрсөтүү. Буюрса, кылмыш иши козголуп, же документтерин эптей албай кандайдыр бир кыйынчылыкка кептелген мигранттарга кол кабыш кылууну максат кылып жатам. Негизи мигранттар темасы абдан аярлуу. Анткени, биздин жарандарыбыз ал жакта иштешкени менен тапкан каражаттарынын көбүн Кыргызстанга салат. Өздөрү үнөмдөп жакшы эмес шартта жашашат. Мына ошонун баарын эске алып жатам. Мага берилген экинчи тапшырма Кыргызстанга инвестиция тартуу. Буюрса, Россиялык досторума байланышка чыгып экономикабызга салым кошуунун жолдорун издей баштадым.
Говори ТВ
Кыргызчага которгон Чынайым Кутманалиева
Майдан.кж

Аргумент.kg