Алиев: Үйлөрүн, унааларын күрөөгө коюп шайлоого баргандарды угуп жакамды кармадым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Ишеним” партиясынан депутаттыкка талапкер Медер Алиев шайлоо тууралуу өз пикирин жазды.

(Текст өзгөртүүсүз берилет)

“Ээ таңгөрүү десе.. Заманың кургур. Угуп, жакаңды кармайсын… Канча деген депутаттыка талапкерлер үйлөрүн, машинелерин күрөөгө коюп, сатып, миллион деген акчаларды карызга алып.. өтпөй калышып азыр ооруп “больницага” жатып калгандары бар экен. Күлкү эмес, ыйлай турган жагдай. Кээ бирлери эми эптеп шайлоону жокко чыгарабыз деп үмүттөрүн өчүрө албай жатышыптыр.

Бир региондо утулуп калган кандидаттар, өзүбүздүн кыргыздар экен, бир ынтымакка келише албай добуштар чачырап кетип эми ошол региондо жашаган башка улуттун өкүлдөрүн силерге көргөзөбүз дешип жатышыптыр. Кыйраттынар, шайлоодо утулсанар башка улут күнөөлүбү?!

Өмүрүндө он кишинин добушун ала албаган, 30 жыл аралыкта саясатта жүрүп кыргызды азыркы акыбалга алып келген, элдин ишениминен “давно” чыккан талапкерлер да жүрүшөт дейт ызылдашып добушум уурдалды дешип. Тангору, шайлоонун шайтан оюну. Адамды айбан кылган шайлоо. Күтө туралы, провокацияга алдырбайлы, кол менен эсептөө бүтсүн, бүт тараптар ошого катышсын. Баары мыйзам чегинде болсун”,- деп жазган Медер Алиев.

Аргумент.kg